Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

ВИЧтен жабыркагандар: Дарыгерлер жазалансын


Баласына ВИЧ жуккан энелердин бири нааразылык акциясы маалында, 14-ноябрь, 2011-жыл
Баласына ВИЧ жуккан энелердин бири нааразылык акциясы маалында, 14-ноябрь, 2011-жыл

Балдары ВИЧ илдетине кабылган ата-энелер дарыгерлердин жоопко тартылышын талап кылышууда.

Алардын айтымында, 2007-жылы Ноокат районунда ооруканада наристелерге массалык ВИЧ илдетин жуктуруу боюнча 14 дарыгер айыпталып, бирок тиешелүү жазаларын алышкан эмес.

Ал эми сот органдары дарыгерлер жоопко тартылганын, дагы 5 дарыгердин үстүнөн сот иши жүрүп жатканын билдирүүдө.

Ооруган бала, зарлаган эне

Баласы ВИЧ илдетине кабылган энелердин бири, атын атагысы келбеген айым дарыгерлер жазага тартылбай жатканына нааразы болууда:

- Бардыгы иштеп келатат. Бири да камалган жок. Саламаттыкты сактоо министрлиги "үч медайым менен эки дарыгер камалган" деп айтыптыр, бул туура эмес. Ал түгүл ушул эле дарыгерлердин бири азыр кызматынан көтөрүлүп кеткен. Биздин балдарыбызга ВИЧ илдетин жугузган дарыгерлерге балдарыбыз ооруган сайын кайра кайрылганга аргасыз болуп жатабыз. Муну мен маскарапозчулук, укукту түздөн-түз тебелөө деп эсептейм.

2007-жылы Ош облусунун Ноокат районунда ооруканада 41 ымыркай жана 10 киши ВИЧ илдетине дарыгерлердин шалаакылыгынан кабылды деп табылган болчу. Бул боюнча тергөө иштери башталганда 14 дарыгерге айып коюлган.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Жыргалбек Курманбеков күнөөлүү дарыгерлердин баары тиешелүү жазага тартылганын айтууда:

- Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Ош облустук медициналык мекемелердин арасынан 14 кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ош облустук сотунун 2008-жылдын 1-июлундагы чечими менен белгилүү бир кызмат орундарында иштөө укугунан үч жылга чейин ажыратуу бонча кошумча чара колдонулган.

Кылмыш-жаза кодекси боюнча бул сыяктуу кылмыштар үчүн эң оор жаза деп 5 жылга эркинен ажыратуу эсептелет. Анткен менен дарыгерлердин бири да бул жазага кириптер болгон эмес. 14 дарыгердин ичинен бирөө акталып, айрымдары гана шарттуу түрдө кесилген. Ал эми сот кээ бирине үч жылга чейин медицина тармагына иштөөгө тыюу салуу менен гана чектелген.

4 жылдан бери ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын укугун сотто коргоп келаткан “Рейнбоу” коомдук фондунун жетекчиси Марина Гайнанова:

- 14 дарыгердин бирөө гана акталып, калганы жазаларын алышкан. Аларды шарттуу түрдө гана кесишкен. Кийин мунапыс чыгып, аялдар мунапыс алышкан.

Өкүм чыкты, бирок...

Саламаттыкты сактоо министрлиги да бул инцидентке күнөөлүү болгон дарыгерлер жоопко тартылган деген жүйөнү карманууда.

Ал ортодо Ош облусунда ВИЧ илдети менен ооругандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Дарыгерлерди катуу жазага тартуу менен гана бул илдеттин ооруканаларда дарыгерлердин шалаакылыгынан улам жугуусун токтотуу мүмкүн экендигин айтышууда.

2011-жылга карата дарыгерлердин шалаакылыгынан эле ВИЧ илдетин жуктурган деп табылган балдардын жалпы саны 200 наристеге чукулдады. ВИЧ менен ооруй турганы аныкталган кийинки балдар боюнча да кылмыш иши козголуп, жогорудагы эле дарыгерлердин ичинен бешөөсүнө айып коюлган.

Бул сот иши боюнча Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Жыргалбек Курманбеков:

- Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Ош облустук медициналык мекемелеринин беш кызматкерине 2011-жылдын 15-мартына карата бул кылмыш иши бүткөрүлгөн жана Ноокат райондук сотуна жөнөтүлгөн. Учурда ал сотто бул иш каралып жатат.

“Рейнбоу” коомдук фондунун жетекчиси Марина Гайнанова 18-ноябрда “Азаттык” менен байланышып, Ноокат райондук сотунда айыпталып жаткан беш дарыгердин үстүнөн өкүм чыкканын, бирок жеңил жаза чегерилип калганын маалымдады. Анын билдиришинче, дарыгерлерге эки-үч жылдан гана шарттуу жаза берилген. Бирок кылмыштын болгон мезгилинен бери узак убакыт өткөнүнө байланыштуу деп, алардын жаза мөөнөтү кыскартылган.

Марина Гайнанованын айтымында, бул эч ким жазага тартылган жок дегенди түшүндүрөт. Ал мамлекеттик айыптоочу бул иш боюнча дарыгерлерди 7 жылга чейин эркинен ажыратууну соттон суранган дейт.

- Буларды күнөөлүү деп тапты. Бирок жеңил жаза берилгендиктен кылмыштын болгон мезгилинен бери көп убакыт өткөнүнө байланыштуу деп, алардын жаза мөөнөтү кыскартылган. Кылмыш-жаза кодексиндеги ушул беренени колдонуп, буларды чыгарып жиберди.

Марина Гайнанова бул өкүм боюнча облустук сотко арыздана турганын билдирди. Ал эми Жогорку Соттун маалыматы кызматы Ноокаттагы бул өкүм боюнча кабардар эмес экендигин айтып, азырынча бул маалыматты тактап бере алган жок.

ВИЧ илдетин ооруканаларда жуктуруу боюнча сот жараяндары өзгөчө иш катары жабык эшик артында каралып келатат.

Өкмөткө да, парламентке да нааразы энелер

Наристелери ВИЧке кабылган 12 эне 15-ноябрда Бишкекке келип, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында эки күн катары менен митинг өткөрүштү. Алар “күнөөлүүлөр жазага тартылсын, өкмөт ар бир балага 1 миллион сомдон жардам жана бекер үй берсин” деген талаптарды коюшту.

Өкмөт бул жарандарга ипотека түрүндө үй берүү жагын караштырып жаткандыгы айтылууда. Анткен менен атын атагысы келбеген энелердин бири буга нааразы:

- 7-апрелде жана июнь коогалаңында жабыркагандарга ипотекасы жок эле бекер үй беришти. Мындан тышкары 1 миллион сомдон берип жатышат. Мунун баарын унчукпай беришти. Ал эми бизге мамлекет өзү оору жугузуп, майып кылып, күнөөлүү болуп турса да ипотекага 20 жылга беребиз деп жатат. Андан көрө батирлерде эле жашай бербейлиби, кандай айырмасы бар?

Бул энелерди 17-ноябрда Жогорку Кеңештин спикери Акматбек Келдибеков кабыл алып, депутаттардын атынан 1 миллион сом жардам убада кылган.

Бирок алар бул каражатты бардык ооруган балдардын ата-энелерине эмес, жашаганга үйү жок, Бишкекке аргасы түгөнгөндө келген 12 энеге гана берүүнү суранышууда.

Ал эми 17-ноябрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов ВИЧке чалдыккан балдардын энелери менен Жогорку Кеңеште жолуккан учурда 23-ноябрда Ош шаарында буга байланыштуу чоң жыйын болгону жаткандыгын, анда талаптардын баары карала тургандыгын убада кылды.

Ошондой эле бул кайгылуу окуя үчүн медицина кызматкерлери күнөөлүү экендигин мойнуна алып, айыптуу экендиктерин айтты.

XS
SM
MD
LG