Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:22

Миңден ашуун ооган митингге чыкты


Бүгүн Ооганстандын чыгышында миңден ашуун ооган, көпчүлүгү студенттер АКШ аскерлерин узак мөөнөттө өлкөдө калтыруу планына каршы демонстрация өткөрүштү. Алар президент Барак Обаманын сүрөтүн өрттөп, анти-америкалык сөздөрдү кыйкырышты.

19-ноябрда Ооганстандын элдик ассамблеясы - Лоя Жырга Кошмо Штаттардын узак мөөнөт коопсуздук жаатында көмөктөшүүсүн жактырган. Ошентип Лоя Жырга президент Хамид Карзайга 2014-жылы эл аралык күчтөрдүн негизги бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткенден кийин АКШ аскерлеринин өлкөдө калуусу боюнча сүйлөшүү өткөрүүсүнө жол ачкан. Бирок Лоя Жырга чет элдик аскерлерден түнкү жортуулдарын тез токтотууну талап кылышкан.

Талиптер бүгүн Лоя Жырганын чечимин сындаган билдирүү жасашты.
Карзай ушу тапта АКШ менен эки өлкө ортолук Стратегиялык кызматташуунун жол-жоболорун сүйлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG