Кыргызстанда мектеп окуучуларын өз ден соолугуна кам көрүүгө үйрөтүү боюнча атайын долбоор ишке аша баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий чечими күчүнө кирди. 2001-жылдан бери бул долбоор 21 мектепте пилоттук негизде иштеп жатат. 2016-жылга чейин ар бир мектепти камтыйт. Каржылык жардамды АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги USAID көрсөтүүдө. Долбоор саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча "Ден соолук" улуттук программасына да кирди. Мектеп окуучуларына өзүн таза алып жүрүү, зомбулук жасабоо, туура тамактануу, оорулардан сактануу жана айлана чөйрөдөгү глобалдык процесстер жөнүндө кабардар болуу боюнча кеңири маалымат берилип турат. (RK)