Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Эстонияга сүзүп барган өзбек жараны Орусиядан баш калканч сурады


"Азаттыктын" Өзбек кызматы билдиргендей, 30 жаштагы Рахим Собиров 18-ноябрда камактан чыккандан кийин адвокаты менен Орусиядан саясий баш калканч сурап арыз жазды. Ташкен бийликтери диний экстремизм боюнча айыптаган өзбек жараны Санкт-Петербургда соттолуп, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен эки aйга кесилген эле. Собиров Казакстанда Ташкендин талабы менен камакка алынган 30 өзбек жарандарынын бири эле. Аны казак бийликтери кичинекей баласы болгону үчүн бошотуп, калган 29 кишини Өзбекстанга чыгарып берген.

XS
SM
MD
LG