Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Коогадан кийинки абалды турукташтыруу боюнча жаңы долбоорлор башталат


Ош жана Жалал-Абад облустарындагы былтыркы улут аралык коогадан кийинки абалды турукташтыруу үчүн донорлор берген акчага дагы 25 жаңы долбоор ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Роза Отунбаева Нью-Йоркто өткөн БУУнун Тынчтык куруу фондунун жолугушуусуна айтты. Бул долбоорлор элди тынчтыкта жашап, толеранттуу болууга тарбиялоода, окуяларды так жана тең салмактап чагылдырууда массалык маалымат каражаттарынын мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө багытталат.

Улут аралык коогалаңдан кийинки абалды турукташтырууга Бириккен Улуттар Уюму былтыр күзүндө 3 миллион доллар бөлгөн. Ал акча жаштарды тынч жашоого тарбиялоого, Ош менен Жалал-Абадда 17 жаштар борборун ачууга, ар улуттагы аялдардан турган тынчтык топторун түзүүгө жана айыл тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылууга жумшалды. Быйыл июлда дагы кошумча берилген 7 миллион долларга ошол эле иштер улантылып, жергиликтүү бийликтин аракеттерине көмөктөшүү болду.

Жалпысынан, 35 долбоор жыйынтыкталды, 30 долбоор иштеп жатат.

2010-жылдын июн айында Ош жана Жалал-Абад облустарында чыккан улут аралык жаңжалда төрт жүздөн ашык адам набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG