Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясы парламенттеги башкаруучу коалициянын курамына кирүүнү каайлайт. Бул тууралуу бүгүн фракция башчысы Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, фракция оппозицияда калууну каалабайт, андыктан, коалициянын курамында болуу боюнча сүйлөшүулөрдү өткөрөт.
30-октябрда Кыргызстанда жаңы президент шайланды. Мыйзамга ылайык, азыркы өкмөт толугу бойдон отставкага кетиши керек. Жаңы өкмөттүн курамы парламенттеги башкаруучу коалициянын курамы аныкталгандан кийин тандалат.
Азыркы коалициянын курамында үч фракция бар - "Ата-Журт", КСДП жана "Республика". "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" оппозицияда. (KKs/RK)