Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Балдарга ВИЧтин жугушу боюнча иштер дагы бир сыйра иликтенет


Дарыгерлердин шалаакылыгынан наристелерге ВИЧтин жугушу боюнча иштер дагы бир сыйра иликтенет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Баш прокурору Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, бул боюнча прокуратура кызматкерлеринен турган атайын тергөө тобу түзүлдү. Ал топ Ош облусуна барып иштейт.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 283 бала ушу тапта ВИЧ вирусу менен жашап келет. Алардын 191ине ВИЧ дарыгерлердин шалаакылыгынан жуккан. 167си Ош облусунда болгон. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG