Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Аялын өрттөп өлтүргөн Райымбековдун сотунда күбөлөр көрсөтмө беришти


Аялын өрттөп өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыраган Самат Райымбековдун арызы боюнча сот иши уланууда. Кечээ сотто күбөлөр көрсөтмө беришти. Жабырлануучу тарап сотко бул иш боюнча мурда айтылбаган жаңы маалыматтарды берди. Кылмышка күбө болгон уулунун стресс алганы тууралуу невропатологдун бүтүмү, өрттөгөнгө чейин күйөсү аялын бычактаганы айтылып, каза болгон келиндин эки эжеси көрсөтмө бергенден кийин судья бир топ суроолор пайда болгонун айтып, кийинки отурумду 29-ноябрга жылдырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айкын багыт" коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди. Аталган фонд жабырлануучу тарапка адвокаттык жардам көрсөтүүдө.

Ала качып үйлөнгөн жубайын өрттөп өлтүргөнү үчүн сот күнөөлүү деп атаган Самат Райымбеков жазасын жеңилдетүүнү өтүнүп жатат. Ал буга чейин берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, аялына бычак тийгизбегенин, аны өлтүрөйүн деген ою болбогонун, кокустук болгонун айтууда.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылынын тургуну Райымбеков жубайы Марина Султанованы 2003-жылы ала качып кеткен. Үч балалуу болушкан. Үй-бүлө кургандан тартып күйөөсүнөн ур-токмок жеп жашаган Султанованы акыры күйөөсү быйыл 30-июнда бензин куюп, өрттөп өлтүргөнү райондук сотто далилденген. Күнөөсүн ал толугу бойдон мойнуна алган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG