Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:51

Мороккодо сабырдуу исламчылар жеңип чыкканын билдирди



Акыйкаттык жана Өнүгүү партиясы Мороккодогу парламенттик шайлоодо жеңип чыккандыгын билдирирүүдө. Бул Түндүк Африкада Араб Жазы башталгандан бери Тунистен кийин экинчи сабырдуу исламчык партиянын жеңишке жетиши. Партия 395 орундуу парламентте солчул социалисттик, улутчул жана дагы бир партия менен коалиция түзөөрүн айткан. Айрымдардын шайлоону бойкоттоо чакырыктарына карабастан, добуш берүүгө шайлоочулардын 45 пайызы келди. Мороккодо быйылкы жылдын башында демократиялык чакырыктар менен толкундоолор орун алган. Падыша Мохаммед Төртүнчү конституцияны өзгөртүп, шайлоо өткөрүү сунуштары менен чыккан. Бирок активисттер кийинки кездери өкмөт реформа чакырыктарына анчейин кулак төшөбөй калгандыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG