Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Азия чемпиону Митал Шарипов каза болду


Оор атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, кыргызстандык белгилүү спортчу Митал Шарипов узака созулган оорудан соң дүйнө салды. Шариповго бир нече ай мурда ашказанынан жана тромбоз деген диагнозго байланыштуу эки жолу операция жасалган. Эмгек сиңирген спорт чебери, 39 жаштагы Митал Шарипов Азиянын жана Дүйнөлүк Намдью кубогунун эки жолку жеңүүчүсү. 1994-жылы Хиросимадагы 12-Азия оюндарында коло медаль, Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Жети жолу жылдын мыкты спортчусу аталган. Кийинки учурда оор атлетика боюнча Кыргызстандын жаштар командасынын башкы машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.

Маркумдун сөөгү эртең 28-ноябрда туулуп-өскөн Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында жерге берилет. Бул тууралуу “Азаттыка” оор атлетика боюнча федерациянын вице-президенти Каныбек Осмоналиев билдирди. (JAk)

XS
SM
MD
LG