Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Отунбаева ишин жыйынтыктап жатат


Бүгүн президент Роза Отунбаева жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берет. Ишин өткөрүп берер алдында Жогорку Кеңешке барып билдирүү жасай турганы да айтылууда.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген Отунбаева өлкөнү 1,5 жылдай башкарды. Кыргызстандын эгемен тарыхында бийликте турган кезде президенттик шайлоого катышпай, кызматын тынч жол менен өткөрүп берген алгачкы өлкө башчы болуп калды.

Алмазбек Атамбаев - Кыргызстандын төртүнчү президенти. Алгачкы эки мамлекет башчы Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин бийликтери күч менен кулатылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG