Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Аялын өрттөп өлтүргөн Райымбеков сотто кечирим сурады


Бүгүн Ысык-Көл облустук сотунда аялын өрттөп өлтүргөн Самат Райымбеков боюнча сотто тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" жабырланган тараптын коомдук жактоочусу, "Айкын багыт" коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди. Анын айтымында, соттолуучунун адвокаты Райымбеков аялын атайылап өлтүрбөгөнүн айтып, мурда соттолбогонун, үч баласы үч жакта калганын, жакында эле энеси кайтыш болгонун эске алып, жазасын жеңилдетүүнү соттон өтүндү. Жабырланган тараптын адвокаты Райымбеков аялын дайыма эле ур-токмокко алып келгенин, балдарына да кордук көрсөткөнүн, ал аялын ала качып кеткенде эле анын укугунун бузулушу башталганын айтып, сот өкүмүн күчүндө калтырууну суранды. Прокурор да соттолуучунун жазасын жеңилдетпеш керек деген оюн айтты. Мунара Бекназарова Райымбеков айыпталып жаткан беренеге эл аралык Конвенциянын "Аялдарга карата дискриминация" деген беренесин да кошуу керектигин айтты. Соттолуучу күнөөсүн моюнуна алаарын айтып, кечирим сурады.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылынын тургуну Райымбеков жубайы Марина Султанованы 2003-жылы ала качып кеткен. Үч балалуу болушкан. Үй-бүлө кургандан тартып күйөөсүнөн ур-токмок жеп жашаган Султанованы акыры күйөөсү быйыл 30-июнда бензин куюп, өрттөп өлтүргөнү райондук сотто далилденген. Күнөөсүн ал толугу бойдон мойнуна алган. Райсот Райымбековду өмүр бою эркинен ажыраткан. Облсоттун чечими 1-декабрда чыгат. (RK)

XS
SM
MD
LG