Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Кулчулукка кабылган кыргызстандыктар саны 2 эсе көбөйдү


Бул тууралуу Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бермет Молдобаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жылына орто эсеп менен 200-300дөй кыргызстандык жаран кулчулуктан куткарылчу, 2011-жылы мындай кишилердин саны 400дөн ашып кетти. Молдобаева мунун себебин июнь окуяларынан кийин четке чыккандар санынын көбөйүшү менен түшүндүрдү. Сексуалдык кулчулукка кабылгандар көбүнчө Түркия жана Арап өлкөлөрүндө болорун, эркинен тыш кара жумушка салынгандар негизинен Орусия менен Казакстанда экенин билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG