Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз отуруму өтөт, анда президент Роза Отунбаева жыйынтыктоочу билдирүү менен чыгат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, парламенттин отурумдары аптанын бейшемби жана жума күндөрү өтөт. Шайланган президенттин ант берүү жөрөлгөсүн утурлап, кызматынын мөөнөтү аяктап жаткан президентти узатуу үчүн депутаттар бул ирээт кезексиз жыйынга чогулуп атышат.
Отунбаева 29-ноябрда маалымат жыйында өзү өлкөнү башкарган 1 жыл 8 айдын ичинде жасаган иштерине жалпысынан канааттана турганын айтты. (EBM)