Мамлекет башчысы Роза Отунбаева парламентке жана элге кайрылып, бүгүн Кыргызстан элинен кечирим сурады. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында чыгып сүйлөгөн сөзүндө өлкө башчысы:
"Мен Кыргызстан элинин баатырлыгына жана көсөмдүгүнө таазим кылып, кан төгүүнү болтурбай токтотуп кала албаганым үчүн кайгыруу сезими менен дагы бир жолу кечирим сурайм!", - деди.
Роза Отунбаеванын Кыргызстанды башкарган 1 жыл 8 айында өлкөдө эки кандуу окуя болду. Былтыр 7-апрелде Отунбаева катарында турган оппозиция бийликке жаңы келген күнү Бишкекте митинг учурунда токсондой адам набыт болгон. Эки жарым айдан кийин, июндун ортосунда Ош жана Жалал-Абадда улут аралык коогада 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган.
Ошондой эле президент Роза Отунбаева: "Ошол эле мезгилде өлкөнүн бүтүндүгү жана элибиздин биримдиги сакталып калгандыгы үчүн сыймыктанам! Мен өз күчүм жеткен иштерди турмушка ашырдым. Элдин алдында абийирим таза! Калганын тарых таразалайт", -деди. (RK)