Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Отунбаева Атамбаев менен Текебаевди "Манас" ордени менен сыйлады


Президенттик кызматын өткөрүп берген Роза Отунбаеванын мамлекет башчысы катары кол койгон соңку жарлыктарынын бири менен жаңы президент, буга чейин премьер-министр болуп келген Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланышты.

III даражадагы «Манас» ордени менен коомдук ишмер Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаил Исаков, Шер Болот, президенттик аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаев, «Ак Шумкар» саясый партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргызстандын
Кореядагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов сыйланышты.

"Даңк" медалы менен бир катар облус губернаторлору, коомдук ишмерлер сыйланышты.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул сыйлыктар "үй-бүлөлүк-урук-туугандык авторитардык режимге каршы күрөшүү жылдарында көрсөткөн жарандык жоопкерчилиги жана каармандыгы, демократия идеяларын, басма сөз жана тынч митингдер эркиндигин ырааттуу коргогондугу, конституциялык реформаны жүргүзүүгө, парламенттик демократиянын негиздерин түптөөгө жигердүү катышкандыгы, ошондой эле 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынан кийинки өткөөл мезгилдин ийгиликтүү аякташына байланыштуу" ыйгарылды. (RK)

XS
SM
MD
LG