Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Патриарх Кириллдин Кыргызстанга сапары жылды


Орус православ чиркөөсүнүн башчысы - Москва жана жалпы Орус патриархы Кириллдин Кыргызстанга сапары качан болоору белгисиз. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Бишкек жана Кыргызстан Епархиялык башкармалыгынын катчысы, протоиерей Игорь Дронов билдирди.

Патриархтын Кыргызстанга сапары ушуну менен экинчи жолу жылып жатат. Ал 2-декабрда келет деп кабарланган болчу.

Патриарх Кирилл Бишкектеги жана Ысык-Көл облусундагы православ чиркөөлөрүн кыдырмак. Соңку айларда анын ден соолугу начарлашына байланыштуу бир катар иш-чарага катыша албай калган. Кыргызстанда православдар сыйына турган 45 чиркөө, сыйынуу үйү жана бир аялдар монастыры бар.(RK)

XS
SM
MD
LG