Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

“Шельтор”: Ошто жүз мигранттын жетөөнөн ВИЧ табылды


Ошто жүз мигранттын жетөөнөн ВИЧ табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаарындагы демилгелүү аялдардын коомдук борборунун башчысы Авазхан Ормонова билдирди. Анын айтымында, “Шельтор” деген атайын борборго кайрылгандарды текшергенде ушундай факт аныкталды.

"Ал жерде негизинен миграцияга барып, запкы жеген кыргызстандыктар менен иш жүрөт. Бизге кайрылгандарга ар кандай жардам берүүнүн алкагында биз аларды сөзсүз түрдө медициналык толук кароодон өткөрөбүз. Өткөн жылдан бери бизге 100дөн ашуун киши кайрылды, ошолордун ичинен 7 адам ВИЧ инфекциялуу экени аныкталды. Бардыгы эркектер, төртөө үй-бүлөсү бар, алар жубайлары менен жашоону улап атышат, үчөөсү үйлөнө элек жаш жигиттер болчу, алардын экөө үйлөнүп алды", - деди Ормонова.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ВИЧке кабылгандардын саны 3 789 адам. Алардын 283ү балдар. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG