Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Келдибековдун тарапкерлери: Текебаев кечирим сурасын


Алай районунун Гүлчө айылында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековду колдогон митингдин катышуучулары "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Келдибековдон жана алайлыктардан кечирим сурашын талап кылышууда. Бул тууралуу митингдин катышуучуларынын бири Алмаз Осмонов билдирди.

Осмоновдун айтымында, нараазычылык иш-чарасына 5 миңге чукул адам катышууда. Алар дүйшөмбү күнгө чейин Өмүрбек Текебаев сыналгы аркылуу Акматбек Келдибеков жана алайлыктардан кечирим сурабаса, Бишкек-Эркештам унаа жолу тосуларын, Бишкекке жөө жүрүш жасаларын билдиришүүдө.

Ал эми Алай районунун акиминин орун басары Мамашарип Мусаев митингге чыккандардын саны 200гө жакын болгонун "Азаттыкка" билдирген эле.

Буга байланыштуу "Азаттык" Өмүрбек Текебаев менен байланышканда, депутат азырынча буга эч кандай комментарий бербей турганын билдирди.

Буга чейин Алайдан келген он чакты адам Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго карата каралоо атайылап жасалып жаткан иш экенин айтышкан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG