Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Багдад жардырууну Маликиге кол салуу аракети деп баалайт


Ирак бийлиги Багдадагы жардырууну премьер-министрдин өмүрүнө кол салуу аракети катары баалайт. Ушул апта башында Багдаддагы жанкечтинин жардыруусу премьер-министр Нури ал-Маликинин өмүрүнө кол салууга багытталган болушу мүмкүн. Бул тууралуу коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү генерал-майор Касим ал-Мусави билдирди.  

Учурда жардыруу боюнча иликтөө жүрүүдө. Азырынча жардырууда жанкечтиден башка дагы мерт болгондордун бар-жоктугу такталууда.

28-ноябрда АКШ вице-президенти Жо Байден Багдадга келгенде «жашыл аймак» деп аталган өкмөттүк имараттар жайгашкан жерде мина коюлган автоунаа жарылган.
XS
SM
MD
LG