Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Мамдумага алдын-ала добуш берүү аяктады


18-ноябрда башталган добуш берүү Орусиянын алыскы 34 субъекты менен дүйнөнүн 60ка чукул өлкөсүндөгү орус өкүлчүлүктөрүндө аяктады.

Орусиянын БШКсынын маалыматында алдын-ала добуш берүүгө 150 миң шайлоочу катышты. Бул көрсөткүч жалпы орусиялык шайлоочулардын 1 пайыздан көбүрөөк бөлүгүн түзөт.

Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча кечки алтыда өз добуш берүү участогунан башка жерде добуш берүүчүлөргө атайын талондорду таратуу токтойт.

4-декабрда Кыргызстандагы орус жарандары Бишкектеги Орус драма театрында ачылган шайлоо бекетинде добуш беришет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин 1-катчысы Виктор Харченко билдирди.
XS
SM
MD
LG