Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпиондору аныкталды


Бүгүн Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Кыргызстандын ар кыл аймагынан келген 108 мушкердин ичинен 10 салмактык категория боюнча чемпиондор аныкталды.

Мелдештин жыйынтыгында Асылбек Назаралиев, Азат Үсөналиев, Өмүрбек Малабеков, Нурлан Кобашев, Эрмек Сакенов, Азамат Каныбек уулу, Чыңгыз Борбашев, Нурсултан Осмонов, Сергей Скляров, Талант Карабаев сыяктуу булгаары мээлей ээлери өлкө чемпиону болуп табылды. Эми чемпионаттан тандалган жаштар Азия, дүйнө биринчиликтеринде өлкө намысын коргойт.

Муну менен катар жогорудагы боксчулардан өлкөнүн курама командасы куралып, 2012-жылдагы Лондон олимпиадасына катышуу үчүн мөөрөй талашат.

XS
SM
MD
LG