Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27
Azattyk Twitter

Орусияда добуш берүү солгун жүрүүдө


Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын орус кызматынын маалыматында шайлоочулардын активдүүлүгү мындан 4 жыл мурунку шайлоого салыштырмалуу солгун экендиги байкалат. Өлкө боюнча 100 миңден ашуун шайлоо бекеттеринде добуш берүү жүрүүдө. Чукоткада добуш берүү салыштырмалуу жогору, ал эми Хабаровск крайында шайлоого катышкандардын саны 2 эсеге чейин за болду. Өлкөнүн чыгыш тарабында добуштарды саноо башталды.

Жаңы мыцйзам боюнча Мамлекеттик Думадагы 450 депутат 5 жылдык мөөнөткө шайланат. (мурда мөөнөт 4 жыл болчу). Орусияда расмий катталган 7 партия «Адилет Орусия», Либерал-демократтар партиясы, «Орусиянын патриоттору», Коммунисттер партиясы, «Яблоко», «Бирдиктүү Орусия» жана «Оңчул иш» партиялары талапкерлерин шайлоого чыгарды.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө көз карандысыз, эл аралык байкоочулар көз салууда. Шайлоонун жүрүшүндөгү кандайдыр бир күтүлбөгөн жагдайлар тууралуу маалымат айтыла элек.
XS
SM
MD
LG