Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Күйөөсү көзүн ойо чаап...


(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ - Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

Бул окуяны Бишкек шаарындагы №15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун нерв ооруулары боюнча дарыгери Айнура айтып берди.

Мен караган участокто күйөөсү да, аялы да экономист жубайлар жашачу. Сыртынан караганда алар башкаларга аябай үлгүлүү үй-бүлөдөй сезилер эле. Экөөнүн бир кызы, бир уулу бар. Кийинчерээк зайыбы күйөөсүнөн тез-тез таяк жегени байкала баштады. Бирок намыстанган аял анысын бирөөгө айтканды кой, билдирбей жүрө берген.

Кээде гана катуурак таяк жеп калганда ар кандай шылтоолорду айтып, бейтапканага келе калчу. Көгөрүп кеткен дене мүчөсүн көрсөтүп, “тепкичтен жыгылдым”, “муздан тайгаланып кеттим”, “ байкабай урунуп алдым” деген сыяктуу шылтоолорду айтчу.

Бир күнү аябай такып сурадым, чынын айт, күйөөң урбайбы деп. Ошондо жер караган келин буркурап ыйлап жиберди. Ошол күндөн баштап менден сырын жашырбай, такыр кыйналып кеткенде келип, ачыгын айтып турчу болду. Мен “андай зөөкүр күйөөңдү аяба, милиция, прокуратурага арыз бер” деп утур-утур айта бердим.

Бирок келин аны жасабай, чыдап жүрдү. Бир күнү телефон чалып “акыбалым оор, келесизби?” деп суранды. Үйүнө тез эле жетип бардым. Күйөөсү келиндин оң көзүн ойо чаап салыптыр.

Көрсө күйөөсү жумуштан келген кезде келин душта жуунуп жаткан болот. Эшикти бир аз кечигип ачат. Күйөөсү болсо аялын эч кандай суроо-соопкутсуз алынын барынча көзгө уруп калган экен. Келиндин эси эңгиреп жыгылып, көптө гана өзүнө келген. Тезинен ооруканага алып жөнөдүк. Операция жасалды. Бирок келин оң көзүнөн айрылып калды. Бир көзүн жоготкон келин көпкө чейин психологиялык оор абалга чалынды, басынып, чүнчүп кетти. Ушул окуядан кийин ал биротоло ажырашууну чечип, сотко арызын берди. Эгер маалында кайрылганда көзүнөн ажырамак эмес эле...

XS
SM
MD
LG