Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, кар көчкү коркунучунан улам түнкүсүн жабылган жолдор бүгүнтөн тарта күнү-түнү иштей баштайт. Ошентсе да, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу автожолдордо кар көчкү түшүү коркунучу дале сактала берээрин кабарлап, айдоочуларды этияттыкка, машиналар арасында аралыкты сактоого чакырат. 2-декабрдан тарта Кара-Кулжа - Мырзаке - Алайкуу, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка, Каракол - Эңилчек жолдору кечки саат алтындан таңкы сегизге чейин жабылып келген. (KKs)