Таеквандонун WTF версиясы боюнча 80 килограмм салмактагы кыргызстандык спортчу Абдураим Расул 2012-жылы Лондон шаарында өтө турган дүйнөлүк олимпиадага катышуу мүмкүнчүлүгүн алды. Кыргызстандын таеквандо ассоциациясынын жооптуу катчысы Ирина Слотинанын “Азаттыкка” кабарлашынча, 23 жаштагы Абдураим Расул 26-27-ноябрда Таиланддын Бангкок шаарында олимпиадага жолдомо берүү үчүн уюштурулган Азия мелдешинде үчүнчү орунду алып, лицензияга ээ болду.
Натыйжада Лондон олимпиадасына катыша турган кыргызстандык спортчулардын саны үчкө жетти. Буга чейин кыргызстандык марафончу Юлия Архипова жана дзюдочу Чыңгыз Мамедов да Лондонго жолдомо алышкан. (KKs)