Казакстан Кыргызстанга кошумча 10 миллион куб метр газ берет. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруу Өмүрбек Бабанов менен казак премьери Карим Масимовдун кечээки телефондук сүйлөшүүсүндө макулдашылды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мынча көлөмдөгү газ алдыңкы айларда калкты үзгүлтүксүз камсыздоого жарайт. Бирок бул кошумча газдын качан берилери азырынча ачыктала элек. Кыргызстан көгүлтүр оттун негизги бөлүгүн Өзбекстандан алат. Быйыл кыргыз өкмөтү казак тараптан арзан газ алуу боюнча макулдашууга жетишилген. (KKs)