Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Мырзакматовдун Ош коогасы боюнча китеби орус тилинде басылып чыкты


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун “Мен издеген чындык” аттуу китеби орус тилинде басылып чыкты. 2200 нуска менен чыккан китепти бүгүн шаар башчысы эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жана журналисттерге бекер таратты.

“Былтыркы капсалаңда бир тараптуу маалыматтар таралып кеткен. Мен чындыкты издеп, окуяны талдап, китеп кылып чыгардым”,- дейт Мелис Мырзакматов.

Буга чейин аталган китеп кыргыз тилинде 3 миң нускада чыккан эле. Жакында англис жана түрк тилдеринде да басылат. Китеп сатыкка чыгарылбайт, коомдук ишмерлерге, эл аралык уюмдарга жана чет жактагы кыргыз элчиликтерине берилет.

Шаар мэри китепти өз эсебинен жана жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен чыгарганын маалымдады. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG