Чүйдүн Токмок шаарындагы "Интергласс" айнек заводу жазында кайра иштей башташы күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев орусиялык "Однако" журналына айтты.
Аталган ишкана мыктылардын катарына кирчү. Бирок, президенттин билдиришинче, соңку эки жылдан бери токтоп турат. Эскилиги жеткен жабдуусун алмаштырыш керек болгондо Европа реконструкция жана өнүгүү банкы баштапкы каражатын бөлүп берген. Бирок негизги каражатты өлкөдөгү саясый туруктуулуктун жоктугуна байланыштуу бербей жаткан. Эми абал турукташкандан кийин бул маселе чечилээрине кыргыз тарап ишенет.
"Интергласстын" чыгарган продукциясынын негизги бөлүгү Казакстанга экспорттолчу. Соңку жылдары бул рынокту кытайлык ишкерлер ээлеп алганы айтылууда. (RK)