Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Бишкекте Британиянын расмий өкүлчүлүгү иштей баштады


8-декабрда Бишкекте Британиянын кеңсесинин расмий ачылышы болот. Элчилик келерки жылдын жазында ачылат. Ошондо элчи иштей баштайт. Ага чейин жаңы ачылып жаткан кеңсени дипломат-резидент Аманда Росс МакДауэлл айым жетектеп турат.

Кеңсе Британиянын Эл аралык кызматташтык министрлигинин (DFID) өкүлчүлүгүнүн имаратында ачылат. Элчилик ачылганча виза жана консулдук бөлүмдөр азыркыдай эле Алматыда болуп турат.

Росс МакДауэлл айым өкүлчүлүктүн ачылышы эки тараптуу саясый жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзөт деп эсептейт. Азыркы күнгө карата DFID Кыргызстан менен Тажикстанга 22 миллион долларлык жардам көрсөткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG