Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

АКШ Перл-Харбордо курман болгон аскерлерин эскерди


Кошмо Штаттар Перл Харбор чабуулунда курман болгондордун 70 жылдыгын эскерди. 1941-жылы 7-ноябрда таңкы 7:55те Гавай аралындагы АКШнын деңиз-аскерий базасына Жапония жасаган авиачабуулда 2400 америкалык аскер өлгөн.

Эскерүү салтанаты Перл-Харбордогу эстеликке гүл чамбарды койуу менен башталды. Президент Барак Обама курман болгон аскерлерди эскерип, өкмөттүк мекемелерди АКШнын желегин жарым ылдый түшүрүүгө чакырды.

Перл-Харбордогу жоготуудан кийин Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Фраклин Делано Рузвельт Жапонияга согуш жарыялаган. Бул окуя ошентип АКШнын Экинчи дүйнөлүк согушка кирүүсүнө жол ачат.

XS
SM
MD
LG