Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

ЭВК Кыргызстанга кезектеги насыя бөлүгүн берет


Эл аралык Валюта корунун аткаруу кеңешинин 7-декабрдагы жыйынынында жактырылган чечимге ылайык, Кыргызстан кордон дагы 14,7 миллион доллар өлчөмүндө насыя ала турган болду.

Бул - ЭВКнын үч жылга эсептелген жана жалпы көлөмү 103, 5 миллион доллардык насыясынын кезектеги бөлүгү. Соңку траншты кошкондо Кыргызстан бул насыянын 29,5 миллион долларын алган болот.

Эл аралык Валюта корунун Аткаруу кеңешинин Вашингтондогу жыйынында уюмдун аткаруучу директорунун орун басары Наоюки Шинохара быйыл экономиканын өнүгүү ыргагы жогору болгону менен келечекте Кыргызстан бир катар, анын ичинде глобалдык экономикалык кырдаалдын начарлашы менен байланышкан көйгөйлөргө туш болорун белгилеген.

Улуттук Статикалык комитеттин бүгүнкү маалыматына караганда, өткөн 11 айдын жыйынтыгында Улуттук дүң өндүрүш былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5% га өскөн. (UE)

XS
SM
MD
LG