Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Айкөл Манастын элеси - сүрөттө


Айкөл Манас Аккуласы менен (көргөзмөдөгү сүрөттөн).
Айкөл Манас Аккуласы менен (көргөзмөдөгү сүрөттөн).

Бишкектеги тарых музейинде “Улуу дастандагы өчпөс элестер” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Анда Жайсаң Үмөт уулунун варианты боюнча жазылган “Айкөл Манас” эпосундагы каармандардын 92 сүрөтү коюлду.

Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр Бүбү Мариям Муса кызынын транс абалында Манас баатырдын чоролорунун бири Жайсаң Үмөт уулунан кайыптан маалымат алып, кагазга түшүргөн “Айкөл Манас” эпосундагы каармандардын коомчулукка белгисиз элестерини түшүрүлүшү менен айырмаланат.

Аны сүрөтчү Амангелди Чилдебаев Бүбү Мариям Муса кызынын сүрөттөп айтып берүүсү менен тарткан.

Миң сырлуу ааламдан бул сүрөттөр тууралуу маалыматтар кандайча келгени тууралуу Бүбү Мариям Муса кызы буларга токтолду.

- Мен медитация учурунда аталардын сүрөттөрүн көрүп келем. Албетте “астральный запись” деп коём. Ал жактан жазып келем. Үйгө келгенден кийин кайта экинчи медитация учуруна чейинки аралыкта жазып келгендеримди чечмелеймин. Ошол чечмелеген учурда албетте мен кагазга түшүргөндөр бар. Бирок мен сүрөтчү эмесмин ошондуктан өңдөрүн даана окшоштуруп, өзүм каалагандай түшүрүп бере албайт элем. Анан сүрөтчү Аман Чилдебаевге айтып берип, анан экөөлөп ушул сүрөттөрдү жараттык. Мен медитация учурунда жазып келген Манас атабыздын элеси кадимки фотоаппарат менен тартып калтыргандай элес. Бет келбети ушул сүрөттөн алынган. Анан бардык сүрөттөр ушул аркылуу чагылдырылды. Мен үчүн абдан кымбат сүрөт. Андан башка ошол доордогу каармандар, окуялар тууралуу айтып берип, Аман болсо кагазга түшүрүп жатты.

Көргөзмөдө бизге белгилүү каармандар Айкөл Манас, акылман Бакай, Алманбет баатырлардан башка Жайсаң Үмөт уулунун, Теке баатыр, Култегин, Култегиндин зайыбы Тулбийке айымдын, Алманбеттин жарадар болушу, Манас атанын жаратын Каныкейдин ачкан учуру, Бөгөй карыя, Ырамандын ырчы уулу, Сыргак баатыр, казактардын Көкчө хан, кыргыздардын кас душманы Коңурбай жана башка бизге белгисиз ондогон каармандардын элестери кагазга түшүрүлүп, өң келбети, түспөлү, кийген кийимдери чагылдырылган.

Алардын элестерин кагазга түшүрүүдө дагы кандайдыр бир сыр болгонун Бүбү Мариям Муса кызы белгилей кетти:

- Албетте мага көпчүлүк эл таң калат болуш керек, дагы бир экинчи сырдуу нерсени алып келет деп. Бирок менин таңкалганым, Аман сүрөткө тартып жатканда, кээде кашы туура эмес болуп калат да. Анан мен кашы мындай болуш керек эле, деп айтайын деп атсам, кистиси өзү эле кашын окшоштуруп тартып кеткен учурлар болуп атты. Анан дагы бир өтө таң калганым, биз Теке баатыр атабыздын сүрөтүн тартып жатканда болду. Негизинен Соорундук атанын сүрөтүн тартып жатканбыз, анан фон жазайын десе Аман, “эже бир кишинин элеси түшүп жатат, мен ошону тартып жиберейин”, - деп башка бир каармандын сүрөтүн тартты. Карасам Теке баатыр атабыздын элеси кудум өзүндөй болуп түшүрүлүп калды. Демек ага дагы көрүнгөн үчүн тартты го деп ойлойм.

Ал эми сүрөтчү Амангелди Чилдебаев болсо былтыр Бүбү Мариям Муса кызы менен таанышкандан кийин “Айкөл Манас” эпосундагы каармандардын элесин кагазга түшүрүп, бирге иштеп жатышканын белгилеп, көпчүлүк каармандардын элеси түшүнө киргенин айтты.

- Мен Бүбү Мариям эжедей болуп транска түшүп, же медитация аркылуу көргөн жокмун. Эженин элестүү кылып сүрөттөп берүүсү аркылуу тарттым. Кээ бир кездерде түш көрүп, айрымдарынын элесин көргөндөй болдум. Албетте кыйынчылыктар болду. Бирок кайсыдыр бир учурда фантазия өзүнөн өзү келип, кистилер жеңил шилтенип, ойлорумдагы нерселер кагазга ойдогудай түшкөн учурларым болду.

Амангелди Чилдебаевдин айтымында, жалпысынан жүз элүүгө жакын сүрөт тартылган. Бүбү Мариям Муса кызы айрым сүрөттөрдөгү каармандардын элеси жакшы түшүрүлбөй калганын белгилеп, аларды көргөзмөгө койдурган эмес.

Амангелди Чилдебаев алдыда бул элестерге кулк-мүнөз берип, боёк менен тартуу иштери турганын белгиледи.

Көргөзмөгө келишкен көрөрмандардын дээрлик баардыгы Ааламда адам баласына белгисиз ачылбаган сыр, белгисиз күч бар экенине ишеним артып, Манас атанын арбагына таазим кылышып, бата беришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Айкөл Манастын сүрөтү ар бир кыргыздын үйүндө болуусу керектигин айтса, мударис Кусейин Исаев келечек муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо бул сүрөттөрдүн мааниси зор экендигин белгиледи.

Мындан туура алты жыл мурда Бүбү Мариям Муса кызы Манастын кырк чоролорунун бири Жайсаң Үмөт уулу менен транс абалында байланышка чыгып, маалымат алып, андан соң анын айткандарын кагазга түшүрүп “Айкөл Манас” эпосу тууралуу алгачкы китебин чыгарган болчу.

Ал китеп жарыкка чыкканда бир катар окумуштуулар муну Манас жөнүндө көркөм дастан катары кабыл алышса, Улуттук илимдер академиясынын айрым мүчө-корреспонденттери бул китепти илимий чөйрө кабыл албастыгын, китептин авторлору пайда көрүү максатында өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп чыгарышканын айтышкан.

Өткөн жылы Бүбү Мариям Муса кызынын Жайсаң акындан берилип жаткан кабарларынын негизинде жаралган “Айкөл Манастын” 10 томдугу жарык көргөн. Биринчи тому орус жана казак тилдерине которулган.


Көргөзмөдөгү сүрөттөрдөн

XS
SM
MD
LG