Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

АКШ Пакистандагы аба базаны бошотту


Бул тууралуу Пакистан бийликтери билдирди. Өлкөнүн түштүк-батышындагы Балучистан провинциясында жайгашкан “Шамси” аба базасын америкалык тарап эки апта мурдагы аба соккусуна нааразы болгон Пакистандын талабына ылайык, ал белгилеген мөөнөттө таштап кетти.

АКШ ал чыгып кеткен аба базасын ЦРУнун учкучсуз башкаруудагы учактарынын Талибан менен “ал-Каиданын” Пакистандын Ооганстан менен чектеш жана уруулар жашаган аймактардагы турумдарына сокку уруу учурунда пайдаланчу.

Өткөн айдын аягында НАТОнун аба соккуларынын биринде пакистан-ооган чек арасынан Пакистандын 24 аскери мерт болгондо, Исламабад НАТОнун жана АКШнын жүктөрү Ооганстанга Пакистан аркылуу кетишине тыюу салган.

Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гиланинин айтымында, жүктөрдү өткөрбөө дагы бир нече аптага уланышы мүмкүн.

Пакистандык жоокерлерди мерт кылган аба соккусу үчүн НАТО кечирим сураган, АКШ бул окуяны трагедия деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG