Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Сирияда аскерлер армиядан качкандар менен кармашууда


Иорданиянын чек арасына жакын Бусра ал-Харир шаарчасындагы уруш президент Башар Ассаддын режимине каршы элдик толкундоо башталгандан берки эң ири уруш болуп калышы мүмкүн.

Кабарларга караганда, өкмөттүк аскерлер аталган шаарчага кечээ эртең менен киришкен. Рейтердин маалыматында, ал жерде катуу атышуулардын жана жарылуулардан үнү угулганы айтылат. Эки тараптан кандай жоготуу болгону боюнча маалымат түшкөн жок.

Бул аралыкта оппозиция активисттеринин айтымында, алар уюштурган иш таштоо борбор Дамасктын көпчүлүк бөлүгүндө жана башка шаарчаларда жашоону токтотту.

Оппозициянын таяныч бекети болгон –Хомс шаары жана анын айлана-тегереги да иш таштоонун кучагында калган.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун билдиргенине караганда, коопсуздук күчтөрү борбор Дамасктын чек жакасындагы кээ бир райондордо дүкөн ээлерин дүкөндөрүн ачууга мажбурлаган. Бул маалымат башка булактар тарабынан ырастала элек.

Расмий САНА жаңылыктар агенттиги “куралдуу террорчул топтор” тарабынан өлтүрүлгөн 13 жоокер 11-декабрда акыркы сапарга узатылганын маалымдады.

Франция тышкы иштер министр Ален Жюппенин айтканына караганда, Париж Франциянын тынчтык сактоочу күчтөрүнө Ливанда өткөн жума күнү жасалган кол салуунун артында Сирия турат деген ишенимде.

Улуттар уюмунун эсебинде, Сирияда элдик толкундоо башталган март айынан бери 4 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Сирия бийликтери болсо өлгөндөрдүн саны мындан аз жана алардын көпчүлүгү коопсуздук күчтөрүнүн адамдары экендигин айтышат.

XS
SM
MD
LG