Окуя өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү Цзянсу провинциясында болгон. Автобустун аласалып кетүүсүнөн башталгыч мектептин 15 окуучусу каза тапкандан тышкары, дагы сегизи жаракат алган. Айдоочу бет маңдай чыккан унаадан качуу менен автобусту башкара албай калгандай.
Кырсык Кытайда окуучуларды тарткан автобустардын коопсуздугу боюнча талкуулар жүрүп жаткан кезде болду. Өткөн айда түндүк-батыштагы Ганьсу провинциясында окуучуларды салган автобус жүк тарткан унаа менен кагышканда 19 окуучу, эки чоң киши мерт болгон.