Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкону жактаган демонстранттар менен полициянын кагылышуусу кечээ Киевде сот Тимошенконун аппеляциялык арызын карап баштаган учурда болду. Алгачкы инстанциядагы сот Тимошенкону жети жылга эркинен ажыраткан.
Тимошенконун жүздөгөн жактоочулары кечээ полициянын курчоосун жарып, сот залына кирүүгө аркеттеништи. Абакта отурган мурдагы премьер-министр өзү саламаттыгына байланыштуу сотко келген жок.
Тимошенко менен кечээ түрмөдө Евробиримдиктин комиссары Стефан Фүле жолукту. Фүленин билдиргенине караганда, ал Тимошенкону Евробиримдик анын апелляциялык арызы сотто каралуусуна жана бардык укуктары адилет жараянда корголушуна кылдат байкоо саларына ишендирди.