Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

УКМК Суталиновдун чек арадан өткөн-өтпөгөнүн иликтейт


Апрель окуясы боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун бүгүн капыстан сотто пайда болушун башкы коопсуздук мекемеси иликтөөгө алат. УКМК төрагасы Шамил Атаханов бүгүн бул боюнча мекеменин өздүк коопсуздук боюнча башкармалыгына Суталиновдун өлкө чек арасын мыйзамсыз түрдө кесип өткөн-өтпөгөнүнө кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Мурат Суталинов бүгүн апрель сотунда кокустан пайда болуп, сот адвокатынын өтүнүчү менен аны үй камагына чыгарган. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин жашырынып кеткен. Ага тынч демонстранттарга ок атууга катышы бар, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызмат ордун таштап кетүү сыяктуу айыптар тагылган.

Буга чейин Чек ара кызматынан Мурат Суталинов чек арадан расмий түрдө өткөнү катталбаганын “Азаттыкка” билдиришкен. (SM)

XS
SM
MD
LG