Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

HRW: Сирия армиясынын жетекчилиги демонстранттарды атууга буйрук берет


Бул тууралуу Human Rights Watch укук коргоо уюму өз баяндамасында билдирет. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү оппозициянын катарына өтүп кеткен армия менен атайын күчтөрдүн кызматкерлери менен интервью жасашкандан кийин ушундай бүтүмгө келген. Алардын айтымында, атайын кызматтардын жетекчилиги кармалгандарды кыйноого буйрук берген.

Президент Асад болсо демонстранттарды күч менен басууга буйрук берилгенин мойнуна албайт.

Улуттар Уюмунун билдирүүсүндө Сирияда 9 айдан бери уланган кагылыштарда 5 миң киши өлгөн. Сириялык активисттер түштүктөгүДэра аймагында куралдуу күчтөр менен мурдагы аскер адамдар кагылышып, 27 адам набыт болгонун билдирет.

XS
SM
MD
LG