Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

Коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар жыйын курат


Бүгүн Жогорку Кеңеште кечки саат беште коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардын жыйыны өтөт. Анда өкмөт башчылыкка жана парламенттин спикерлигине талапкерлер “жумшак” рейтинг менен аныкталат.

Коалициялык көпчүлүк Социал-демократтар, “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынан куралып жатат. Премьерликке “Республика” менен Социал-демократтар Өмүрбек Бабановду, “Ар-намыс” Акылбек Жапаровду көрсөттү. Ошондой эле айрым депутаттардын турган топтор “Ата Мекенден” депутат Равшан Жээнбеков менен “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеевди сунуштоодо.

КСДП Жогорку Кеңештин төрагалыгына Асылбек Жээнбековду, “Ар-намыс” Абдырахман Маматалиевди көрсөттү. (EBM)

XS
SM
MD
LG