Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Жаңыөзөндө массалык баш-аламандыкта 10 киши набыт болду


Казакстандын Башкы прокуратурасы Маңгыстоо облусундағы Жаңыөзөн шаарында массалык баш-аламандыкта жумушчулар менен полиция кагалышып, анда 10 киши набыт болгонун маалымат каражаттары кабарлайт.

16-декабрда шаардын «Ынтымак» борбордук аянтында Казакстандын төбөлсүздүгүнө арналган майрамдык иш-чаралар үзгүлтүккө учурап, ал жердеги боз үйлөр менен майрамдык сахна талкаланган.

Жергиликтүү «Актау-Лада» гезитинин маалыматында 5 полиция кызматкери катуу жарадар болуп ооруканага жеткирилген. Буга чейин Башкы прокуратура 2 полициячы сабалганын тастыктап, кылмыш иши козголгонун билдирген.

Айрым маалымат каражаттары тополоң уюштурган топ "Озенмунайгаз" ишканасынын мурдагы нефтичилери экендигин жазып чыкты. Жаңыөзөнде жарым жылдан бери мунайчылардын нааразылык акциялары уланууда.

Бүгүн Казакстандын эгемендигинин 20 жылдыгы белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG