Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Каирде полиция менен демонстранттар кагылышты


Египеттин саламаттыкты сактоо министрлиги Каирде полиция менен демонстранттардын кагылышуусунда 8 киши набыт кетип, 300дөйү жарадар болгонун маалымдады. Анын алдында коопсуздук кызматкерлери бир демонстрантты кармап кетип, уруп-сабашкан деген кабар тараган.

Өткөн айда Каирде ушундай эле жаңжалда 40тан ашуун киши каза тапкан. Демонстранттар президент Хосни Мубарак кулатылгандан кийин өлкөнүн башына келген аскерлер бийликти дароо аскерий эмес түзүмгө өткөрүп беришсин деп талап кылышууда.

Өлкөдө ушу тапта парламенттик шайлоо өтүп жатат. Биринчи айлампанын жыйнытыктарына караганда, исламчыл партиялар алдыда баратышат.

XS
SM
MD
LG