Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Казакстанда тополоңдо мерт болгондор 15ке жетти


Казакстандын Башкы прокуратурасы Жаңы-Өзөндө полиция менен элдин кагылышуусунда мерт болгондордун саны 14кө жеткенин билдирет.
Прокуратуранын тизмесинде 11 гана кишинин аты-жөнү жазылган. Алардын ону эркек, бирөө аял. Ал эми калган үч сөөктүн кимдиги такталып атканы айтылат. Расмий маалыматка ылайык, 90го чукул адам жарадар болгон.

Ишембиде Шетпе кыштагында темир жолду тосууга аракеттенген адамдарга полиция ок атканда 1 киши набыт, ондогон адамдар жарадар болгон. Полиция бир топ адамдар камакка алганы кабарланган.

Укук коргоочулар мерт болгондордун саны расмий маалыматтан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Жаңы-Өзөн шаарына комменданттык саат киргизилди. Kазак оппозициялык активисттери көз карандысыз иликтөөнү талап кылууда. ЕККУ болсо казак бийликтерин ачык-айкын иликтөөгө чакырат.

XS
SM
MD
LG