Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Ош шаарынын дарбазасы расмий түрдө ачылды


Ош шаарынын кире беришиндеги “Кыргыз көчү” монументалдык комплексинин курулуш иштери аяктап, өткөн жуманын соңунда ачылыш аземи болду. Оштун кире беришине орнотулган декоративдик дарбаза былтыркы каргашалуу окуядан кийин шаарды жаңылоо максатында өткөн жылы курула баштаган. Ага жергиликтүү бюджеттен 68 миллион сом бөлүнгөн. “Кыргыз көчү” комплекси дарбазадан сырткары Алымбек датканын ат үстүндөгү айкелинен, жолдун чекесине орнотулган эки темир жолборстон жана 50дөн ашуун декоративдик чырактан турат. Буга чейин Ошто дарбаза болгон эмес (SE)

XS
SM
MD
LG