Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Минск: президенттикке мурдагы талапкер уурдалды


Белгисиз адамдар Беларуста каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын төрагасы Витал Рымашевскини Минскидеги үйүнүн жанынан машинеге күчтөп салып, белгисиз тарапка алып кеткени тууралуу “Азаттыктын” беларус кызматы кабарлайт.

Рымашевски уюлдук телефону аркылуу аны төрт киши көк түстөгү кичи автобуска салып кетишкенин айтып, “мени уурдап баратышат”дегенге үлгүргөн. Андан кийин байланыш үзүлгөн.

Рымашевскинин кесиптештери “уурдоо” 2010-жылы Беларуста болгон элдик толкундоонун 1 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу болушу мүмүкүндүгүн айтышат.

Өткөн жылдын 19-декабрында Беларуста өткөн президенттик шайлоодо Рымашевски баш болгон бир катар президенттикке талапкерлер 15 миңден ашуун эл менен Минскиде нааразылыкка чыккан. Анын аягы кармоолор жана айосуз сабоолор менен бүткөн.

36 жаштагы Витал Рымашевски массалык башаламандык уюштурду деген негизде 2 жыл шарттуу түрдө түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG