Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Ошто айрым укук коргоочулар Текебаевди жактап чыгышты


“Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин инсандык абийирине шек келтирген аракеттер болуп жатат”. Мындай пикирди “Мыйзамдуулукту коргоо жана колдоо” уюмунун өкүлдөрү бүгүн Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти. Уюмдун өкүлү Нарынгүл Дүйшөналиеванын айтымында, Текебаевдин ишмердүүлүгүнө көө сүртүүнү каалагандар жеке кастыктарын саясатка аралаштырып жиберишүүдө. Бирок уюм өкүлдөрү мындай аракеттер кимдер тарабынан болуп жатканын так айтып бере алышкан жок.

“Мыйзамдуулукту коргоо жана колдоо” уюму 1995-жылы уюшулган, 400дөй мүчөсү бар. Азыр эч жерден каржыланбайт. (SE)

XS
SM
MD
LG