Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Түркмөнстанда президенттик шайлоого талапкерлер көрсөтүлүүдө


Түкрмөн өкмөтүнүн маалымат кызматы учурдагы президент Гунбангули Бердымухамедов менен ат салышуучу атаандаштар көрсөтүлгөнүн кабарлады. Бердымухамедовдун талапкердигин 15-декабрда Түркмөнстандын Демпартиясы жана өлкөдөгү дээрлик ар бир ишкер жана коомдук уюмдар көрсөткөн.

Өлкөдөгү жалгыз саясий партия болгон Демпартияны президент Бердымухамедов жетектейт. Азаттыктын түркмөн кызматынын маалыматында, Бердымухамеддов менен ат салышууга үч киши, Дашоуз шаар акиминин орун басары Режеп Базаров, Халач ооданынын акими Муратгелди Жумагелдиев жана Лебап Суу жолдору ишканасынын аткаруучу директору Розыгелди Розгулевдер катталды.

12-февралдагы шайлоодо Бердымухамедовдун кайра шайланышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG