Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:16

Өкмөттүн жаңы түзүмү бүгүн каралган жок


Буга бир катар депутаттар тишелүү жоболор аткарылбагандыгын айтып чыкканы себеп болду. Депутат Марат Султанов регламентке ылайык премьер-министрге талапкер өкмөттүн жаңы түзүмүн, программасын, курамын башта спикерге көрсөтүп, андан кийин төрага депутаттарга таратышы керек. Депутат Дастан Бекешов маселе комитеттерде карала электигин белгиледи.

Спикер колдо материал жоктугун айтып, жаңы өкмөт маселеси бүгүн каралбай турганын айтты. Депутат Равшан Жээнбеков жаңы өкмөттүн түзүмү эмки аптада караларын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG