Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Иран МАГАТЭнин текшерүүчүлөрүн кабыл алат


Кийинки жылдын январ айында Ирандын Эл аралык атомдук энергетика агенттигиндеги өкүлү Али Ашгар Солтанийе текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси Герман Накертц менен жолугуп, МАГАТЭнин адистеринин Тегеранга сапарын талкуулайт.

Бул тууралуу France-Presse агенттиги Солтанийеге шилтеме жасап билдирет. Анын айтымында, Иран өзүнүн өзөктүк программасын тынчтык мүнөздө экендигин көрсөтүү максатында МАГАТЭ менен кызматташууга даяр.

Батыш дипломаттары Тегерандын мындай чакырыгына анча ишенбей турат.

МАГАТЭнин соңку баяндамасында Иран өзөктүк курал жасап жатышы мүмкүн деген билдирүүлөр айтылган.

Баяндама жарыкка чыккандан кийин АКШ жана Евробиримдиктин өлкөлөрү Иранга каршы жазаналарды күчөткөн.

XS
SM
MD
LG