Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Орусияда нааразылык акцияларга даярдык жүрүүдө


24-декабрда Орусиянын ар кайсы шаарларында декабрдын башында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун каршылык акциялары өтөт. Москвада Академик Сахаров атындагы чоң көчөгө миңдеген адамдардын чыгышы күтүлүүдө. Митингди өткөрүүгө интернет аркылуу жарандардан 3 миллионго чукул рубль топтолду. Интернетте болсо Орусиянын белгилүү инсандары эмнеге митингге бара тургандыгын билдирген кыска тасмалар пайда болду.

Бул күнү полицияны аракеттерине Коомдук палата жана укук коргоочулардын өкүлдөрү байкоо салат.

10-декабрда Москванын Болотная аянтында өткөн митингге он миңдеген адамдар катышкан.
XS
SM
MD
LG